СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест адабий окуу бышыктоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест адабий окуу бышыктоо»

Адабий окуу. 8-бөлүм боюнча:

1. Эмне үчүн жети атаны билүү зарыл?

А) ата-тегин унутпоо үчүн Б) бирөөлөр сураса айтып берүү үчүн В) бирөөгө уят болуп, тил укпоо үчүн

2. Табышмак-оюндун жандырмагын тапкыла:

Көктөм жамгыр куюлса, аны колго аласын. Баш тамгасын алып кой, жытуу боло каласың.

А) атыр, чатыр Б) чатыр, атыр В) чатыр, ыр

3. Болоттун чоң атасы кармап алган жаныбардын баласы?

А) эликтин баласы Б) коендун бөжөгү В) топоздун мамалагы

4. Тоголок Молдонун “Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы” чыгармасындагы бул саптар кимге же эмнеге таандык?

“ Алтың менен аңга түш, Айтпай койбой не болдум! Ширин этин мен чайнап, Эзип жебей не болдум!”

А) мергенчиге Б) түлкүгө В) карышкырга

5. Түлкүгө кандай саппатар мүнөздүү?

А) коркок, жоош Б) аңкоо, эпчил В) куу, жырткыч

6. Дон айгыры эмне себептен өлүп калды?

А) бирөө сабап салгандыктан Б) себеби белгисиз В) уулуу чөптү билбей жеп алгандыктан

7. Кичинекей Чыңгыз айгырдын кантип өлгөнүн кимге түшүндүрүп берди?

А) башкармага Б) орус улутундагы мал доктур В) айгырдын ээсине

8. Чыңгыздын чоң энесинин ысмы ким эле?

А) Алымкан Б) Асылкан В) Айымкан

9. Жай бою эмгек кылбай, кышында ачка болуп,үшүп калган канаттуу кандай аталат?

А) таранчы Б) ийнелик В) тоок

10. ”Аралжы” деген сөздүн мааниси эмнени түшүндүрөт?

А) жалганчы Б) ортомчу В) жардамчы

11. ”Жан бакты” деген сөздүн мааниси эмнени түшүндүрөт?

А) өз жанын гана баккан Б) бирөөгө жардам кылган В) бирөөнүн эсебинен жан баккан

12. Мансапкор күчүк алгач ким болууну каалады?

А) сүрөтчү Б) музыкант В) баатыр

13. Мансапкор күчүккө атасы баатыр болуу үчүн эмне керек деди?

А) акыл Б) тааныш В) жүрөк

14. Бир түйүнчөк акчасын жоготкон дүкөнчү эженин ысмы ким эле?

А) Айкан эже Б) Райкан эже В) Айжан эже

15. Таап алган акчасын Талант эмне кылды?

А) ээсине кайтарып берди Б) өзүнө керектүү буюмдарды сатып алды В) атасына алып келип берди

16. Акчасын жоготуп алып, ыйлап класска кирген дүкөнчү эжеге Талант кандай жооп берди?

А) чындыкты айтты Б) билмексен болуп олтурду В) калп айтты

17. Коендун бөжөгүн ким же эмне уурдап алды эле?

А) түлкү Б) үкү В) бала

18. Үкүнүн уурулугунун бетин ким же эмне ачты?

А) мергенчи Б) күн В) токойдогу жаныбарлар

19. Жер шаарын кыдырууга чыккан Күнгө эмне тоскоолдук кылды?

А) түн Б) шамал В) булут



20. Күнгө ким же эмне жардам берди?

А) дыйкан Б) шамал В) туман

21. 8-Март Аялдардын Эл аралык күнү катары майрамдоону ким сунуштаган?

А) Клара Цеткин Б) Клара Цой В) Клара Алиева

22. ”Таберик” деген сөздун мааниси эмнени түшүндүрөт?

А) белек дегенди Б) буюм дегенди В) кымбат дегенди

23. Булбул аттуу ырчы жигитти жактырып калган кыздын ысмы ким?

А) Гүлайым Б) Гүланда В) Гүлжамал

24. “Жакыр” деген сөздүн мааниси кандай?

А) жалгыз Б) жалгыз өзүн ойлогон адам В) кедей, колунда жок

25. “Теребел деген сөздүн мааниси кандай?

А) айлана-тегерек Б) талаа В) короо

26. Качан күн акырындап узарып, түн кыскара баштайт?

А) мар айынын башынан баштап Б) март айынын 20сынан тартып В) март айынын 21-22синен тартып

27. Нооруз майрамында жасалуучу тамак кандай аталат?

А) жарма Б) сүмөлөк В) беш бармак

28. Тогуз баласы бар жесир эне кайнап жаткан казанга эмнени салат?

А) унду Б) тогуз ташты В) кумшекерди

29. “Кызыл чиедей” деген сөздүн мааниси эмнени түшүндүрөт?

А) өтө жаш деген маанини Б) бышып турган кызыл чие В) бардык мөмөлөрдү

30. Бул кайсы мезгил?

Чексиз –чексиз талаалар, Күндө –күндө кулпурат. Шаңдуу –шаңдуу ыр менен, Кучак –кучак гүл сунат.

А) күз Б) жай В) жаз






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!