СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сасык тумоодон алыс бол

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сасык тумоодон алыс бол»

Сабактын темасы Сасык тумоодон сактан.



Сабактын максаты:

1.сасык тумоо жөнүндө маалымат берүү.

2. Сасык тумоонун алдын алуу

3. Сасык тумоонун дарылоо



Сабактын жабдылышы : сасык тумоо жөнүндө видеолор жана сүрөттөр



Сабактын журушу:



1. Уюштуруу:

Сабакта колдонулуучу «Алтын эреже» (дидактикалык талап):

1.убакытты баалай билуу;

2.активдуу катышуу;

3.башкалардын пикирин угуу, созун болбоо;

4.жаны идея, тажрыйбаларды каалоо;

5.чыгармачыл тажрыйбаларды аткаруудан баш тартпоо ж.б.



2. Мугалимдин созу:



Сасык тумоо — вирустар жана бактериялардын айрым түрлөрү пайда кылуучу жогорку дем алуу органдарынын (мурундун, кекиртектин, трахеянын, бронхтордун), кээде көздүн былжыр челинин сезгениши менен өтүүчү, клиникалык белгилери окшош жугуштуу оорулар.



Оорунун пайда болуу себептери

Аны менен көп учурда жаш балдар,чон адамдар ооруйт. Себеби алардын организминде анын козгогучтарына каршы коргоочу заттардын (иммунитеттин) жоктугуна байланыштуу болот.



Сасык тумоону аденовирустар, парагрипп вирустары, риновирустар жана башкалар вирустар, бактериялар чакырат. Сасык тумоо жылдын жылуу мезгилинде сейрек учурап, суук мезгилинде эл арасында массалык (эпидемиялык) же көп таралат.



Оорунун булагы — оорулуу киши. Вирустар дени соо кишинин дем алуу органдарына аба менен кирип, алардын былжыр кабыкчаларынын клеткаларына өтүп, ошол клеткаларда өсүп көбөйөт да, алардын бузулушуна жана сыйрылып түшүшүнө алып келет. Бул учурда козгогучтардын айрымдары өлүп, ошону менен катар уу заттарды (эндотоксинди) бөлүп чыгарышат. Вирустардын аралашмасы бар клеткалар бөлүнүп, сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, какырык же шилекей тамчылары, мурун суюктугу менен абага бөлүнүп чыгып, аны булгайт. Ушул булганган аба менен дем алганда вирустар кайра дем алуу органдарына жугат. Сасык тумоо үй-тиричилик буюмдары (идиш-аяк, сүлгү, оюнчук жана башкалар) менен да жугушу ыктымал . Парагриппти чакырган вирустар сырткы чөйрөнүн таасирине анча туруктуу эмес. Парагрипп жылдын бардык мезгилинде кездешет. Бирок оору суук мезгилде көп болот. Ал оорулуу кишиден жугат. Көбүнчө балдар ооруйт. Оорунун жашыруун мезгили 3—4 күнгө созулат. Оору башталганда мурун бүтүп, жөтөлөт, эти анча ысыбайт. Бир жаштан 3 жашка чейинки балдарда муунткан дем кыстыгуу пайда болот. Ал кекиртектин былжыр челинин сезгенишинен шишик пайда болуу менен түшүндүрүлөт. Оорулуунун дем алуусу кыйындап, үнү кырылдайт. Айрым учурда өпкөнүн, кулактын, алкым бездеринин кабылдоосуна алып келиши мүмкүн. Кабылдоо айрыкча жаш балдарда көп болот. Парагрипптин кабылдап кеткен түрлөрүн ооруканада дарылайт. Сасык тумоону алдын алуу чаралары грипптики сыяктуу болот. Ошондуктан ал массалык башталганда жалпы коомдук жайларда, балдар мекемелеринде, ооруканаларда, тамак-аш ишканаларында санитария-гигиеналык, эпидемияга каршы эрежелердин так сакталышы талап кылынат. Бул ооруларды алдын алууда дененин коргонуу күчүн чыңдоо, физкультура жана спорт менен машыгуу, ошондой эле туура жана сапаттуу тамактануу чоң мааниге ээ (Аденовирус оорусу)

4. Жыйынтыктоо:

Бүгүнкү класстык саатты жыйынтыктап жатып биз билдик сасык тумоодон сактануу керектигин жана аладын алууу керектигин үйрөндүк.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!