СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мекенди коргоо ыйык милдет

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мекенди коргоо ыйык милдет 23-февраль

 

Просмотр содержимого документа
«Мекенди коргоо ыйык милдет»

“Мекенди коргоо ыйык милдет”.

Сабактын максаты:

  • Окуучулар Кыргыз армиясы жөнүндө маалымат алышат.

  • Согуштун апаатын, ырайымсыздыгын тушундуруу менен бирге ага каршы күрөшүүгө багыт берилет.

  • Ата Мекенди коргоого,сүйүүгө тарбияланышат.

Сабактын жаблылышы:Буклеттер, суроттор, ырлар,накыл кептер.

Сабактын журушу: 1.Кыргыз Республикасынын Гимни, кайгылуу музыка ойнотулат.



Жаны тема: «Мекенди коргоо ыйык милдет”.

-Кана балдар айткылачы, кимдин агасы армияга барып келген?

-Айылда Мекенди коргоо үчүн кимдин агасы армияга кеткен?

- Силер да армияга баргыңар келеби?

-Демек ойлонгулачы, эмне үчүн жигиттер армияга барышат?

Мугалим:

Ата-мекен – корголоп, уялап, жакындарыбыз менен бакыт издеп жашаган жер. Мамиле курабыз, эмгектенебиз, эс алабыз. Ата-мекен - ырыскыбыз чыккан жер. Коркпостон эмгектенип, адал эмгегибиз менен наныбызды тапкан жер. Ата-мекен - киндик каныбыз тамган жер. Төрөлүп, бапестелип, илим-билим алып, эрезеге жеткен жер. Ата-мекен – ата-бабаларыбыздын кылымдар бою ички жана сырткы душмандардан коргоп, бизге мурас жана аманат катары таштап кеткен жер. Аны коргоо жага кийинки муунга калтыруу биздин ыйык милдет.

Жакшыга жетүү кыйын, ал эми жакшыны колдо кармап калуу андан да кыйын. Өлкөбүздүн тынчтыгын жана бейпилдигин сактап калуу үчүн ата-бабаларыбыз канчалаган салгылашууну башынан өткөргөнүн тарыхтан билебиз. Дүйнөлүк аренада башка мамлекеттерден артта калбаш үчүн кандай гана эмгек жасалбаганын жа жакын тарыхтан билебиз. Салынган завод-фабрикалар, иштетүүгө киргизилген талаалар, казылып алына баштаган кен-байлыктар – улуттук байлыгыбыз. Сактап калып, өнүктүрүп, өнүгүүнүн дагы да жаңы багыттарын ачып кийинки муунга мурас калтыруунун амалдарын өздөштүрүшүбүз керек.

Ата-мекенге кызмат кылуу - бул ар бир адамдын ыйык милдети. Аны аткарбай туруп адам эч качан мамлекетке же жашаган жерине, жанындагы элине нааразы болгонго акысы жок. Бул жерде, канткенде ата-мекенге кызмат кыла алам деген суроо пайда болот. Мекенге кызмат кылуу ар түрдүү болот. Булар:

Элин-жерин сүйүү, коргоо жана колдоо. 

Ар бир атуул элинин намысын, наркын жана маданий баалуулуктарын коргой билиши керек. Элин ойлоп, ар бир адамды жакшылыкка чакырып, аларды колунан келгени менен камсыз кылуу, жардам берүү, калыс мамиле жасоо, эч биринин акысын жебөө, уурулук кылбоо - бул мекенди колдоо жана коргоо дегенди түшүндүрөт. Душманга элин, жерин сатпоо, душман элге улуттун сырларын ачпоо, кол салган душманга колу менен, тили менен, акылы менен туруштук көрсөтүү мекенди чын дилден коргоо дегендик.

Жан дүйнөсү менен берилип, таза иштөө. 

Ар бир атуул, кандай кесиптин адиси болбосун, өзүнүн ишин так жана таза аткарса, ал мекенине кызмат кылган болот. Врач чын дили менен иштесе мекендештери оорулуулардын саны аз болот, мугалим чын дили менен иштесе билимдүүлөрдүн саны көп болот, милиция кызматкери таза, чынчыл болсо кылмыштуулук аз болот. Кыскасы, ар ким ишин “элим үчүн, жерим үчүн” деп аткарса, таза иштесе, элибиздин жашоо стандарты жогору болмок, калкыбыз бейпилдик жана токчулукта жашамак.

Өз тарыхын унутпоо, каада-салтты көздүн карегиндей сактоо. 

Тегин унуткан манкурт болуп эсептенилет. Ал эми манкурттун элге да, жерге да зыяны гана тиет. Жакшы менен жаманды айырмалай билүү, жаш муунга жакшы насыйкат калтыруу да мекенге кызмат кылуу демек.

Канчалаган элдер тарыхтан жок болуп кеткен! Канчалаганы ар кайсы чоочун өлкөлөлөрдө баш калкалап жатышат! Ошондуктан, сактап калган жерибиз, салтыбыз, тарыхыбыз үчүн ата-бабаларыбызга терең таазим кылуу менен мекенди бизден кийинки муунга да мурас кылып өткөрүп берүүгө тийишпиз.



Токтобостон, жүрүп жаткан эбегейсиз чоң курулуш бар, бул - өлкөбүз Кыргызстан. Жогоруда айтылган үч ишчинин кайсынысы биздикине туура келет. Ар дайым нааразы болгон биринчисиникиби? Же күнүмдүк жашоосуну тегиз кеткен экинчисиникиби? Же жасап жаткан ишинин жөнөкөй иш эмес экенин баамдап, аны кийинки урпактарга татыктуу кылып таштап кетүүнү эңсеген үчүнчүсүнүкүбү? Аны тандоо да өз колубузда. Кайсыл жерде, эмне гана иш кылбайлы, ал иштин кийинки урпактарга таасири тие турганын унутпаш керек.

Ар бир мамлекет озунчо мамлекет болгондон кийин озунун армиясы болуш керек.Биздин улуттук армия биздин тынчтыгыбызды сактайт,мекенибизди коргойт.

Биздин элибиз ачык асман,бактылуу турмушта жашагысы келет.Жашоонун жагымдуу кызыгына батып колунан келген келген бардык жумуштарды аткарууга аракеттенебиз.

Бул учун бизге эмне керек? - ТЫНЧТЫК.

-Ооба, бизге тынчтык гана керек .Тынчтык – деген сөздү силер кандай түшүнөсүңөр? Тынчтык – бул адамдардын турмуш –тиричилигинин

негизи. Тынчтык адамдардын жашоодогу негизги шарты, жашоодогу жанып турган чырагы.

Тынчтык жонундо ырлар дан билесинерби?

Атам да суйлойт тынчтык деп,

Тынчтык деп суйлойт бут калкым.

Апам да суйлойт тынчтык деп.

Тынчтык бир куусу туш жагым.



Терен синген каныма ,

Тунул душман дуйнодон,

Кандай сонун тынчтык кеп.

Тутанбай очот орт жалын.



Тынчтыкты мен да суйомун,

Каршы чыгам согушка,

Тынчтыгын каалайм дуйнонун.

Баш ийип ортко куйбоймун.



Чек арага жакын ункур бар,

Жашаш учун дайым эл эркин,

Кокус душман богуп жатпасын.

Биздин аскер бизди кайтарат.

Чек арачы даяр кармоого,

Чер токойдо ак каржамынган,

Кандай душман башын бакбасын.



Дуйнодо тынчтык болсун,

Ар дайым олком гулдоп,

Ааламга кулку толсун.

Ар бир уйго бакыт толсун.



-Азаматсынар балдар, силер жакшы ырларды билет турбайсынарбы? Тынчтыкты коргоо жана сактоо ар бир атуулдун милдети.

Мекенди коргоо эмнеден башталат?

Мекенди коргоо эн биринчи ден соолукту сактоодон башталат.

Экинчи татыктуу тарбия жана эн жакшы билим алуудан,алган билимди турмуш менен айкалыштыра билуудон, улууну урматтодон.кичууну ызаттоодон, ата –энени сыйлоодон башталат.



  • Балдар силер билесинерби? Канаттуулардан тынчтыктын символун билдирген кайсы канаттууну билесинер?

  • Когучкон.



3.Корутундулоо:суроо-жооп иретинде.

1.Ата Мекенди коргоо куну кайсы кун?

2.Ата Мекенди коргоо эмнеден башталат?

3. Тынчтыктын символу деп кайсы канаттууну айтышат?

Балдар эл ичинде мындай накыл кеп бар экен:

“Мекенден айрылганча, омурдон айрыл .”-деген…

4.Уй тапшырма: Мекен жонундо ырлардан, макал-лакаптардан жаттоо




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!