СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Магниттик азимуттарды аныктоо

Категория: ОБЖ

Нажмите, чтобы узнать подробности

Магниттик азимуттарды аныктоо

Просмотр содержимого документа
«Магниттик азимуттарды аныктоо»

 Аскердик топография   Аскерге чейинки даярдык   Тема: Магниттик азимуттарды аныктоо .     Даярдаган :№18 А Тукеев атындагы орто мектебинин  Аскерге чейинки даярдык мугалими  Боконов Омурбек

Аскердик топография

Аскерге чейинки даярдык

Тема: Магниттик азимуттарды аныктоо .

Даярдаган :№18 А Тукеев атындагы орто мектебинин

Аскерге чейинки даярдык мугалими

Боконов Омурбек

Сабактын максаты: Окуучулар турган жерин ,жергиликттүү предметтерге карата азимуттарды туура аныктоо жана азимуттар боюнча багыт алуу ыкмалары менен таанышышат . Өз алдынча азимуттарды туура аныктоо жана азимуттар боюнча багыт алуу ыкмалары боюнча билимдерин жана билгичтиктерин өнүктүрүшөт Жаратылыш шарттарындагы түрдүү кырдаалдарда туура аракеттенүүгө уйрөнүшөт  Сабака коюлган суроолор Магниттик азимут деген эмне? Жергиликтүү предметтерге карата азимуттарды аныктоо. Азимуттар боюнча ориентир алуу. Аныкталган азимуттар боюнча багыт алып жүрүш жасоо.

Сабактын максаты:

  • Окуучулар турган жерин ,жергиликттүү предметтерге карата азимуттарды туура аныктоо жана азимуттар боюнча багыт алуу ыкмалары менен таанышышат .
  • Өз алдынча азимуттарды туура аныктоо жана азимуттар боюнча багыт алуу ыкмалары боюнча билимдерин жана билгичтиктерин өнүктүрүшөт
  • Жаратылыш шарттарындагы түрдүү кырдаалдарда туура аракеттенүүгө уйрөнүшөт

Сабака коюлган суроолор

  • Магниттик азимут деген эмне?
  • Жергиликтүү предметтерге карата азимуттарды аныктоо.
  • Азимуттар боюнча ориентир алуу.
  • Аныкталган азимуттар боюнча багыт алып жүрүш жасоо.

Магниттик азимут . Араб тилинде ( ас-самут ) азимут багыт дегенди билдирет.  Чындыгында магниттик азимут деп- Магниттик меридиандын түндүк багытынан саатын жүрүш багыты боюнча мэрчемделген жергиликтүү предметке карай түзүлгөн бурч - Магниттик азимут деп аталат . Ал бурч 0° тан 360° чейин болушу мүмкүн. Магниттик азимут компастын жардамы менен аныкталат.

Магниттик азимут .

Араб тилинде ( ас-самут ) азимут багыт дегенди билдирет.

Чындыгында магниттик азимут деп- Магниттик меридиандын түндүк багытынан саатын жүрүш багыты боюнча мэрчемделген жергиликтүү предметке карай түзүлгөн бурч - Магниттик азимут деп аталат .

Ал бурч 0° тан 360° чейин болушу мүмкүн.

Магниттик азимут компастын жардамы менен аныкталат.

Магниттик азимутту эмне үчүн аныктайбыз Бизге мурда тааныш эмес ориентир алууга мүмкүн болбогон жерлерде бара турган акыркы чекитибиз  бизге даана көрүнбөгөн учурларда   Бара турган жерибизге түз жетүүгө мүмкүн болбой мина талаасын , токой,саз, суу ж.б нерселерди айланып өтүү менен баштапкы бара турган багытыбызды адашпастан таап баруу керек болгон учурларда Бизге бейтааныш болгон жерлерде мерчемдеген жарибизге жетип кайра артка карай бизге көрүнбөгөн алгачкы ордубузга адашпастан кайтып баруу керек болгондо  Магниттик азимут бизге жол көрсөткүч катары кызмат аткарат

Магниттик азимутту эмне үчүн аныктайбыз

  • Бизге мурда тааныш эмес ориентир алууга мүмкүн болбогон жерлерде бара турган акыркы чекитибиз бизге даана көрүнбөгөн учурларда
  • Бара турган жерибизге түз жетүүгө мүмкүн болбой мина талаасын , токой,саз, суу ж.б нерселерди айланып өтүү менен баштапкы бара турган багытыбызды адашпастан таап баруу керек болгон учурларда
  • Бизге бейтааныш болгон жерлерде мерчемдеген жарибизге жетип кайра артка карай бизге көрүнбөгөн алгачкы ордубузга адашпастан кайтып баруу керек болгондо

Магниттик азимут бизге жол көрсөткүч катары кызмат аткарат

Жергиликтүү предметтерге карата азимуттарды аныктоо Компасты түз орунга жайгаштырып предохранителди бошотобуз да 0°градус горизонттун түндук багытына дал келгендей абалга келгенче тегеретебиз. Компасты ушул абалда кыймылдатпастан кармап , крышкасын тегеретип атайын жасалган оюкчасын мерчемделген предметке карай багыттайбыз . Түндүктөн (0°градустан) саатын жүрүшү боюнча мэрчемделген жергиликтүү предметке карай түзүлгөн бурч магниттик азимуттун өлчөмүн билдирет.

Жергиликтүү предметтерге карата азимуттарды аныктоо

  • Компасты түз орунга жайгаштырып предохранителди бошотобуз да 0°градус горизонттун түндук багытына дал келгендей абалга келгенче тегеретебиз.
  • Компасты ушул абалда кыймылдатпастан кармап , крышкасын тегеретип атайын жасалган оюкчасын мерчемделген предметке карай багыттайбыз .
  • Түндүктөн (0°градустан) саатын жүрүшү боюнча мэрчемделген жергиликтүү предметке карай түзүлгөн бурч магниттик азимуттун өлчөмүн билдирет.

Горизонттун багыттарынын магниттик азимуту Багыттар Азимуттун градустук өлчөмдөрү Түндүк Түндүк чыгыш Чыгыш Түштүк чыгыш Түштүк түштүк батыш Батыш Түндүк батыш

Горизонттун багыттарынын магниттик азимуту

Багыттар

Азимуттун градустук өлчөмдөрү

Түндүк

Түндүк чыгыш

Чыгыш

Түштүк чыгыш

Түштүк түштүк батыш

Батыш

Түндүк батыш

 Азимуттарды аныктоо 1-сүрөттө бала баруучу жолундагы акыркы чекиттин магниттик азимутун аныктап жатат .  2-сүрөттө баруучу акыркы точка көрүнбөгөн учурларда аралыктагы кошумча обьекттерге карата магниттик азимутту аныктап акыркы чекитке карай жолун тактоо учуру Тоонун чокусу

Азимуттарды аныктоо

1-сүрөттө бала баруучу жолундагы акыркы чекиттин магниттик азимутун аныктап жатат .

2-сүрөттө баруучу акыркы точка көрүнбөгөн учурларда аралыктагы кошумча обьекттерге карата магниттик азимутту аныктап акыркы чекитке карай жолун тактоо учуру

Тоонун чокусу

 Түз(прямой)жана артка карай азимут Турган орундан бара турган чекитке карата аныкталган азимут түз азимут деп аталат жана градус менен өлчөнөт  М: сүрөттө жалгыз карагайга карата түз азимут 50º градуска, үй 110 º ,жалгыз дарак 250 º,тегирмен 300 º барабар

Түз(прямой)жана артка карай азимут

Турган орундан бара турган чекитке карата аныкталган азимут түз азимут деп аталат жана градус менен өлчөнөт

М: сүрөттө жалгыз карагайга карата түз азимут 50º градуска, үй 110 º ,жалгыз дарак 250 º,тегирмен 300 º барабар

Артка(обратной) карай азимут Мерчемделген орунга жеткенден кийин кайра артка кайтып, алгачкы турган ордун көздөй адашпай баруу үчүн арка карай (обратной)азимут аныкталат . Артка карай азимутту аныктоо үчүн алгач аныкталган түз азимут эгерде180º градустан кичине болгон учурда ага 180ºградусту кошобуз. Эгерде алгач аныкталган түз азимут 180º тан чоң болсо 180º тан кемитебиз

Артка(обратной) карай азимут

Мерчемделген орунга жеткенден кийин кайра артка кайтып, алгачкы турган ордун көздөй адашпай баруу үчүн арка карай (обратной)азимут аныкталат .

Артка карай азимутту аныктоо үчүн алгач аныкталган түз азимут эгерде180º градустан кичине болгон учурда ага 180ºградусту кошобуз.

Эгерде алгач аныкталган түз азимут 180º тан чоң болсо 180º тан кемитебиз

Азимут боюнча жүрүш жасоо Азимуттар боюнча жүрүш токойлордо, чөлдөрдө, талааларда жана башка ориентирлери начар аймактарда, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген аймактарда ошондой эле түнкүсүн жолсуз жолдо жүрүүдө жана картаны рельеф менен салыштыруу ишенимдүү жетүүнү камсыз кылбаган учурда колдонулат .

Азимут боюнча жүрүш жасоо

Азимуттар боюнча жүрүш токойлордо, чөлдөрдө, талааларда жана башка ориентирлери начар аймактарда, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген аймактарда ошондой эле түнкүсүн жолсуз жолдо жүрүүдө жана картаны рельеф менен салыштыруу ишенимдүү жетүүнү камсыз кылбаган учурда колдонулат .

Транспортир менен картада азимуттарды аныктоо

Транспортир менен картада азимуттарды аныктоо

Азимут менен жүрүш жасоону схемага түшүрүү № 1 чекитте сарайдын жанынан 20º градустагы №2 Таш-Коргон ориентир катары алынган . № 2 ориентирден №3 ориенттир катары токойчунун үйү № 3 ориенттирден №4 ориентир катары жолдун кесилишиндеги көпүрө көрсөтүлгөн Акыркы чекиттеги ориентирге адашпастан түз жетүү үчүн ар бир ориентирдин магниттик азимуту градустук өлчөмү менен аралыктары метр менен жана жуп кадам менен көрсөтүлүп схемага түшүрүлгөн

Азимут менен жүрүш жасоону схемага түшүрүү

1 чекитте сарайдын жанынан 20º градустагы №2 Таш-Коргон ориентир катары алынган .

2 ориентирден №3 ориенттир катары токойчунун үйү

3 ориенттирден №4 ориентир катары жолдун кесилишиндеги көпүрө көрсөтүлгөн

Акыркы чекиттеги ориентирге адашпастан түз жетүү үчүн ар бир ориентирдин магниттик азимуту градустук өлчөмү менен аралыктары метр менен жана жуп кадам менен көрсөтүлүп схемага түшүрүлгөн

Азимут менен жасалган жүрүштү таблицага түшүрүү

Азимут менен жасалган жүрүштү таблицага түшүрүү

Тоскоолдуктарды айланып өтүү 1-Ыкма Азимут менен жүрүш жасоо учурунда жолдо түрдүү тоскоолдуктар (мина талаасы ,токой ,саздар ж.б) кездешет ,аларды айланып отүп кайра мерчемделген багытты адашпай таба билүүнү билишибиз керек . Ал үчүн эки ыкманы колдонобуз . 1-Ыкма : Биздин бараткан багытыбызда кездешкен тоскоолдуктардын аркы тарабы бизге даана көрүнуп турган абал болгондо тоскоолдуктун аркы тарабы ,биздин каршы тарабыбыздагы бизге тушташ турган магниттик азимут боюнча бмздин багытыбызга дал келген өзгөчөлөнгөн нерсени ориентир катары белгилеп алабыз  Тоскоолдукту айланып өткөн соң мерчемдеген ориентирге жетип жолубузду ары карай улайбыз.

Тоскоолдуктарды айланып өтүү 1-Ыкма

  • Азимут менен жүрүш жасоо учурунда жолдо түрдүү тоскоолдуктар (мина талаасы ,токой ,саздар ж.б) кездешет ,аларды айланып отүп кайра мерчемделген багытты адашпай таба билүүнү билишибиз керек .
  • Ал үчүн эки ыкманы колдонобуз .
  • 1-Ыкма : Биздин бараткан багытыбызда кездешкен тоскоолдуктардын аркы тарабы бизге даана көрүнуп турган абал болгондо тоскоолдуктун аркы тарабы ,биздин каршы тарабыбыздагы бизге тушташ турган магниттик азимут боюнча бмздин багытыбызга дал келген өзгөчөлөнгөн нерсени ориентир катары белгилеп алабыз
  • Тоскоолдукту айланып өткөн соң мерчемдеген ориентирге жетип жолубузду ары карай улайбыз.

2-ыкма Биздин бараткан багытыбызда кездешкен тоскоолдуктардын аркы тарабы бизге даана көрүнбөгөн абал болгондо

Мерчемделген багыт боюнча 300 кадам жасалды деп эсептейли Аймакты изилдеп чыккандан кийин сол тарапка айланып өтүү чечими чыкты .Компастын жардамы менен тоскоолдуктун (А чекитинен В чекитине азимуту аныктап 320º тагы В чекитине кадамдарды жуптап санап , ушул багытта жүрүштү улантабыз .Сүрөттө азимут боюнча басып өткөн аралык 142 жуп кадам.В чекититинде токтоп компас менен алгачкы багытыбызга карай (50º) С чекитине азимутту аныктайбыз В чекитинен С чекитинен карай кадамдарды жуптап жүрүш жасайбыз . Сүрөттө көрсөтүлгөндөй аралык 238 жуп кадамды түздү . С чекити тоскоолдуктан айланып өткөн акыркы чекити болгондуктан А чекитинен В чекитине аныкталган азимуттка тескери (обратной) азимутту С чекитинен D чекитине азимутту аныктайбыз .Тескери азимут АВ азимутунан 320ºдан 180º ди кемитүү менен аныкталат ,аныкталган азимут 140º градусту түздү .С дан D га чейин А дан Вга чейнкидей 142 жуп кадам жүрөбүз. D чекитине биздин алгачкы багытыбызга тушташ чекитке жеткенибизде ал жерден алгачкы багытыбыз болгон азимут (50º) ка карай жүрүшүбүздү улантабыз .

Сабакты бышыктоо үчүн көнүгүүлөр https :// learningapps.org/watch?v=pv7f0s29321

Сабакты бышыктоо үчүн көнүгүүлөр

https :// learningapps.org/watch?v=pv7f0s29321

Практикалык иш: Компастын жардамы менен сүрөттө көрсөтүлгөн магниттик азимуттарды аныктайбыз

Практикалык иш: Компастын жардамы менен сүрөттө көрсөтүлгөн магниттик азимуттарды аныктайбыз

   Көңүл бурганыңыздар үчүн ырахмат!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ырахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!