СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам жана коом тест

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

9-10-11-класстар үчүн түзүлгөн адам жана коом сабагынан тест

Просмотр содержимого документа
«Адам жана коом тест»

КОЗУБАЕВА БУРУЛ_https://kozubaeva.kg/

Адам жана коом. 9-класс үчүн тесттер

Үй-бүлө деген эмне?

- күйөөсү менен аялынын ортосундагы никеге жана ата-эне менен балдарынын, бир туугандардын ортосундагы туугандык байланышка негизделген кичи социалдык топ.

- ар бир үй-бүлөдө кабыл алынган, үй-бүлөнү бириктирип турган кандайдыр бир иш-аракеттер, жөрөлгөлөр.

- улуттун руханий баалуулуктарын, жан-дүйнөсүн, менталитетин чагылдырган, муундан-муунга өтүп келе жаткан иш-чаралар.

- аял менен эркектин тең укукка жана тең мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондугу.



Үй-бүлөнүн социалдык институт экендигин аныктаган төмөнкү белгилердин кайсысы туура эмес?

- өз ара нике жана туугандык байланыш аркылуу бири-бири менен байланышкан эки же андан көп адамдардан турган туруктуу уюм

- өз мыйзамдары, каада-салттары, үрп-адаттары бар өзүн-өзү башкарган система

- коом тарабынан кабыл алынган, дайыма колдоого алынган жана таянган социалдык топ

- аял менен эркектин тең укукка жана тең мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондугу



Балага байланыштуу өткөрүлүүчү иш-чаралар кайсылар?

- баалуулуктар

- жөрөлгөлөр

- каада-салттар

- мыйзамдар



Баланын тайлары тарабынан өткөрүлгөн той кандай аталат?

- бешик той

- тушоо той

- жээнтек той

- сүннөт той

Нике бул –

- аял менен эркектин ортосундагы жубайлык жана ата-энелик укуктарды жана милдеттерди аныктаган, ирээкте салган социалдык мамиле.

- жубайлардын ортосундагы социалдык-экономикалык мамилелер чогуу жүргүзүлгөндүгүн аныктаган документ.

- никеде турган жубайлардын эки башка жашай баштаганы.

- жубайлардын мал-мүлккө болгон укуктары жана милдеттери, ажырашуу учурунда аларды аткаруу зарылдыгы тууралуу макулдашуу.



Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк мамилелер кайсы мыйзамда бекитилген?

- Кыргыз Республикасынын Конституциясында

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде

- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинде

- Балдар укугунун конвенциясында



Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча никеге туруу курагы канча жаш?

- 16 жаш

- 18 жаш

- 20 жаш

- 22 жаш



Жубайлардын никеге тургандыгын мыйзамдуу түрдө каттаган юридикалык күчкө ээ документ – бул

- Нике күбөлүгү

- Нике келишими

- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк

- Өлгөндүгү тууралуу справка



Нике келишими эмне үчүн түзүлөт?

- аял менен эркектин ортосундагы жубайлык жана ата-энелик укуктарды жана милдеттерди аныктоо, ирээтке салуу үчүн

- жубайлардын бирге түтүн булаткандыгын, алардын ортосундагы социалдык-экономикалык мамилелер чогуу жүргүзүлгөндүгүн аныктоо үчүн

- никеде турган жубайлардын эки башка жашай баштагандыгын тастыктоо үчүн

- жубайлардын мал-мүлккө болгон укуктары жана милдеттери, ажырашуу учурунда аларды аткаруу зарылдыгы тууралуу макулдашуу үчүн



Анык бир социалдык жамааттын, топтун ичинде никеге туруу бул –

- экзогамия

- эндогамия

- моногамия

- полигамия



Миграция деген эмне?

- жакшы жашоону издөө максатында адамдардын бир аймактан экинчи аймакка мезгил-мезгили менен көчүүсү

- калктын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө көчүүсү, багытына жараша эмиграция, иммиграция жана ре-эмиграция деп аталат

- калктын бир өлкөнүн ичиндеги жылышы, урбанизация жана чет жакадан деп аталат

- “миграциялык жарылуу”, “акылдардын агылышы”, «качкындар доору» деп аталган мезгилдер



Төмөнкү терминдердин кайсысы “үйгө кайтуу” дегенди түшүндүрөт?

- эмиграция

- иммиграция

- ре-эмиграция

- урбанизация



Эң көп окумуштуулар чет өлкөгө кеткен мезгил кантип аталат?

- “миграция жарылуусу”

- “акылдардын агылышы”

- «качкындар доору»

- “эмгек миграциясы”



Миграция жөнүндө толук маалыматты кайсы борбордон алса болот?  

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалыматтык-консалтинг борбору

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен



Баалуулук деген эмне?

- адамдар тарабынан урматтоо, сыйлоо менен кабыл алынган маанилүү нерселер

- кармоого, колдонууга, жегенге жана кийгенге жарактуу бардык нерселер

- адамдын ички жан-дүйнөсү менен байланышкан ой жүгүртүү, сезимдер жана иш-аракеттер

- коомдун өнүгүүсүнө негиз болгон, коомдогу тең салмактуулукту сактап туруу үчүн кабыл алынган нормалар



Адам төрөлгөндөн баштап анын инсан катары калыптануусуна чоң салым кошкон негизги баалуулук кайсылар:

- үй-бүлө: ата-эне, бир тууган, сүйүктүү жар, перзент

- байлык: акча, турак-жай, мал-мүлк

- тамак-аш: нан, суу, жер-жемиш, эт

- маданият: музыка, искусство, көркөм адабият



Бош турган жерге кайсы сөздү койобуз? : “__________өзү эң жогорку баалуулук”.

- сүйүүнүн

- адамдын

- музыканын

- машинанын



Төмөндө берилген баалуулуктардын түрлөрүнүн кайсысы ашыкча?

- материалдык,

- руханий

- адамдар аралык

- социалдык



Төмөнкү аныктамалардын кайсысы руханий баалуулукту чагылдырат?

- адамдар тарабынан урматтоо, сыйлоо менен кабыл алынган маанилүү нерселер

- кармоого, колдонууга, жегенге жана кийгенге жарактуу бардык нерселер

- адамдын ички жан-дүйнөсү менен байланышкан ой жүгүртүү, сезимдер жана иш-аракеттер

- коомдун өнүгүүсүнө негиз болгон, коомдогу тең салмактуулукту сактап туруу үчүн кабыл алынган нормалар



Адеп-ахлактык, эмоционалдык, маданий жана диний багыттарга бөлүнгөн баалуулуктун түрү бул?

- материалдык

- руханий

- социалдык

- саясий



Төмөнкүлөрдүн кайсысы туура эмес?

Баалуулуктардын пайда болуу жана өзгөрүү стадиясы .............жараша болот.

- адамды курчаган чөйрөгө

- жаш курагына

- жашоо шартына

- мүнөзүнө



Социалдык норма деген эмне?

- адамдын ишмердүүлүгүнүн жана тажрыйбасынын натыйжасында коомдо калыптанган жүрүш-туруштун жалпы эрежелери жана үлгүлөрү.

- коомдогу адамдардын жүрүш-турушун, ишмердүүлүгүн, жашоосун анык бир нормалардын негизинде жөнгө салуу.

- жүрүш-турушту туура же туура эмес, ишмердүүлүктү жакшылык же жамандык деп аныктаган баа берүү.

- анык бир кырдаалда: баарлашууда, коомдук жайларда колдонулган формалдуу жүрүш-туруштун жыйнагы.



Төмөнкү аныктамалардын кайсысы укуктук нормаларды түшүндүрөт

- жүрүш-турушту туура же туура эмес, ишмердүүлүктү жакшылык же жамандык деп аныктаган баа берүү

- анык бир кырдаалда: баарлашууда, коомдук жайларда колдонулган формалдуу жүрүш-туруштун жыйнагы

- мамлекеттик мыйзамдарда бекитилген адамдын жүрүш-турушуна коюлган талаптар

- диний нормалар – ыйык китептерде камтылган окуулар, жүрүш-туруштун эрежелери ж.б.



Мазмуну боюнча социалдык нормалар кантип болүнөт?

- каада-салттар, үрп-адаттар, моралдык жана адеп-ахлак нормалары

- эстетикалык, укуктук жана диний нормалар

- экономикалык, саясий, эмгек, экологиялык, үй-бүлөлүк

- изоляция, байланышты чектөө, реабилитация



Социалдык көзөмөл эмне үчүн керек?

- коомдогу адамдардын жүрүш-турушун, ишмердүүлүгүн, жашоосун анык бир нормалардын негизинде жөнгө салуу үчүн

- конфликттердин алдын алып, девианттын иш-аракетине бөгөт коюу максатында девианттын башка адамдар менен байланышын токтотуу

- эгер жүрүш-турушу оңолсо коомго кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо аркылуу аны социалдык чөйрөдөн обочолонтуу

- девиантты жасалма баарлашуунун түзүү менен коомго кайтып келүүсүн ишке ашыруу



Девианттуу жүрүш-туруш деген эмне?

- коомдогу социалдык жана моралдык нормаларга дал келбеген жүрүш-туруш

- коомдогу өзүнүн көз карашын башкаларга таңуулап, үстөмдүк кылууну коздөгөн адам

- коомдон бөлүнүп калган, жардамга муктаж, ж.б. факторлорго негизделген өзүн-өзү өлтүрүүгө жакындык

- өзүн-өзү чексиз сүйүү, сын-пикирди оор кабыл алуу, башкаларга болгон боор ооруунун жоктугу





Төмөнкү жооптордун арасынан кайсысы туура эмес?

Девианттуу жүрүш-туруштун ээси болуп калбоо үчүн төмөнкү жөнөкөй адаттарды өздөштүрүү зарыл:

- үй-бүлөдө, достор арасында, мектепте, жамаатта жакшы маанай түзүп, жакшы мамилени жолго коюу, сый-урматты колдонуу

- башка адамдардын иш-аракетинин, сөздөрүнүн жакшы жактарын гана көрүп, жакшы мамиле кайтаруу

- кандай учур болсо да позитивдүү маанайда жүрүү, жардамга муктаждарга кол сунууга даяр болуу

- коркунуч жаралган учурда алгач акыл-эсти жыйнап, абалды тезинен иликтеп чыгуу



Төмөнкүлөрдүн кайсынысы туура эмес?

Жашоодо ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ар кандай кырдаалда мындай тагдырга туш болушкан. Алар:

- тубаса майып төрөлүү

- бала кезинде ден-соолугуна зыян келтирилип майып болуп калуу

- өз каалоосу менен бул статусту алуу

- жумуштагы, жолдогу кырсыктан улам майып болуп калуу



Ден-соолугу чың бала төрөлүшү кимден көз каранды?

- ата-энеден

- коомдон

- мамлекеттен

- тууган-уруктан



Ден-соолукка зыян келтирбөө үчүн төмөнкүлөрдүн кайсынысын сактоо керек?

- көп ойноо, көп уктоо, көп тамактануу жана көңүл ачуучу жайларга көп баруу сунушталат

- билим алуу, келечекке умтулуу, туура максат коюу, коомдун чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүү

- туура жана тоюмдуу тамактануу, жылуу кийинүү, жеке коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл

- мекенди коргоо, улуттук каада-салттарды, баалуулуктарды сактоо, кийинки муундарга өткөрүп берүү



Көзү азиздер үчүн шрифтти ким ойлоп тапкан?

- Людвиг ван Бетховен

- Мигель Сервантес

- Луи Брайль

- Франклин Делано Рузвельт



Төмөнкүлөрдүн кайсынысы туура эмес?

ДМЧ адамдар ...

- коомдун бардык тармагында активдүү болушат

- өздөрүнө өздөрү кам көрө алышат

- мамлекет тарабынан камкордукка алынат

- коомдук уюмдар тарабынан жардам берилет



Бүгүнкү күндө көптөгөн компаниялар, ишканалар ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешүүгө даяр. Бул ДМЧ адамдардын

- укуктарын сактоого негизделет

- жарандык милдетин аткарууга багытталат

- ишмердүүлүгүнөн кабар берет

- аракетчилдигин билдирет

ДМЧ адамдарга арналган дүйнөдөгү эң чоң иш чара кайсы?

- Олимпиада

- Паралампиада

- Конференция

- Саммит



Төмөнкү эреженин кайсынысы көзү азиз адамдарга карата колдонулат?

- ДМЧ адамдар менен таанышууда колун кысып коюу маанилүү

- сүйлөшүүдө ДМЧ адамды шашпай, сабырдуулук менен угуңуз

- кайрылганда кыйкырбастан далыга таптоо же колуңузду булгалоо жетиштүү

- бир нерсени бергенде “кармап көрчү” деп эмес “карап көрчү” деп айткан туура



Медисабаттуулук деген эмне?

- калктын калың катмарына маалыматты тез жеткирүү, маалыматтын бардыгына жеткиликтүүлүгү

- прессага жана анын коомдогу таасирине берилген аныктама, бул «журналисттер коомдо зор бийликке ээ» - экендигин тастыктайт

- толук объективдүүлүгүн тактоо мүмкүн болбогон, фактылардын интерпретациясына жана аларга карата эмоционалдык мамилеге негизделген ой-пикир, көз караш же билдирүү

- медианын ар түркүн түрлөрүндө анализдөө, баалоо жана билдирүү жарата билүү жөндөмдүүлүгү



Коомдогу зор күчү бар ММК га кандай аныктама берилет?

- Төртүнчү бийлик

- Күчтүү бийлик

- Жаңы медиа

- Медиасабаттуулук



Асан эртте менен интернетти ачып, сайттардан жаңылыктарды окуп андан кийин өз жумуштарын баштайт.

Бул кырдаалда Асан ММКнын кайсы түрүн колдонду?

- басма

- визуалдык

- добуштук

- санариптик



Сүйлөмдү ула: “Айсулуу эртте менен WhatsApp группалардан “WhatsApp – социалдык тармактын түзүлгөнүнө 10 жылдыгына байланыштуу акция болуп жаткандыгын, эгер ушул маалыматты канчалык көп жиберсе ошончолук көп бирик телефонуна которула тургандыгы” тууралуу маалыматты окуду. Оңой олжого ээ болуу максатында бардык группаларга тарката баштады. Кечинде телефондо болгон 200 бирдиги жок калыптыр. Демек, бул кат ....”

- фактыларга негизделген экен

- ой-пикир, көз карашты билдирди

- жалган маалымат экен

- туура маалымат экен



























Адам жана коом 10-класс.

Коомдун институционалдык түзүмү деген эмне?

- бул өз ара байланышкан жана өз ара бирге аракеттенүүчү социалдык жамааттардын жана топтордун, социалдык институттардын, социалдык статустардын жана алардын ортосундагы мамилелердин жыйындысы.

- бул белгилүү бир коомду түзгөн өз ара аракеттенүүчү социалдык жамааттардын, социалдык топтордун жана индивиддердин жыйындысы.

- коомду уюштуруунун жана башкаруунун туруктуу формаларын камсыз кылуучу өз ара аракеттенүүчү социалдык институттардын жыйындысы.

- жалпы социалдык мүнөздөмөлөргө ээ, бирдей коомдук позицияны ээлеген, биргелешкен иш-аракеттер жана баалуулук багыттары боюнча бириккен адамдардын чоң же кичине тобу.



Төмөндө социалдык жамааттардын айырмачылыгын белгилеген кайсы вариант туура эмес

- сандык курамы боюнча – эки-үч кишиден баштап ондогон, ал тургай жүздөгөн миллионго чейин;

- өкүм сүрүүсү боюнча – бир нече мүнөттөн жылдарга, кылымдарга, миң жылдыктарга чейин;

- жалпы индивиддерди бириктирген белгилери боюнча – кесиптик, аймактык, этникалык, демографиялык, социалдык-маданий, диний;

- социалдык жамааттардын негизги формасы болуп социалдык топтор саналат.



Аудитория, толпа, социалдык чөйрө, төмөнкү социалдык топтордун түрлөрүнүн кайсысына кирет?

- Агрегация

- Квазигруппа

- Номиналдуу

- Референттик



“Студенттин чет өлкөгө стажировкага кетиши же илимий наамдын берилиши” бул социалдык мобилдүүлүктүн кайсы түрүнө кирет?

- вертикалдуу

- горизонталдык мобилдүүлүк

- индивидуалдык

- группалык мобилдүүлүк



Социалдык статус деген эмне?

- инсандын жашына, жынысына, кесибине, келип чыгуусуна, үй-бүлөлүк абалына карата коомдогу ээлеген орду.

- бул белгилүү бир статустун социалдык маанисине коом тарабынан баа берүү жана анын коомдук пикирде сакталышы.

- анык бир инсандын жетишкендигин, ийгилигин коом тарабынан кабыл алынышы.

- анык бир статуска ээ адамдын норма, укук жана талаптарга негизделген жүрүш-турушунун үлгүсү.



Төмөнкүлөрдүн кайсысы туура эмес?

- адамга төрөлгөндө ээ болгон статус же жеке статус: жыныс, раса, улут, титул, ж.б.

- адам өзүнүн аракети менен жетишилген статус же коомдук: билим, кесип, кызмат, квалификация, ж.б.

- адамдын төрөлгөндөгү жана кийин ээ болгон статустарды камтыган аралаш статус: олимпиада чемпиону, инвалид, пенсионер, академик, ж.б.

- анык бир статуска ээ адамдын норма, укук жана талаптарга негизделген жүрүш-турушунун үлгүсү, ж.б.



Асан жана Алымбектин мисалында кайсы статус көрсөтүлгөн?

- жеке

- коомдук

- аралаш

- роль



Эгер адамдар өзүнүн социалдык ролун аткарбаса эмне болот?

- коомдо ишеним кетет, кастык жана баш аламандык орун алат

- коомдо жетишкендиктер болуп, коом өнүгүп-өсүп кетет

- коомдо көтөрүлүштөр, нааразычылыктар болот

- коомдогу алдыңы адамдар жоопко тартылат



Баарлашуунун түрлөрүн белгиле

а) расмий (ишкердик) жана расмий эмес (жеке)

б) инсандар аралык жана топтордогу баарлашуу

в) вербалдык жана вербалдык эмес

г) мимика, кыймыл-аракет, кийим-кече



Күнүмдүк турмуштагы баарлашуу эмне аркылуу жөнгө салынат?

а) расмий баарлашуу аркылуу

б) дресс-код аркылуу

в) коомдо кабыл алынган эрежелер аркылуу

г) мыйзам аркылуу



“Акылбек жана Алтынбек бир туугандар. Алар кичинекейинен ынтымактуу болуп өсүштү. Алар үй жумуштарын аткарышканда, талаа жумуштарына барышканда дайыма чогуу болуп, өз ара баарлашып жүрүшөт”.

Бул кырдаал баарлашууга катышкан адамдарга карата кандай аталат?

а) расмий

б) расмий эмес

в) инсандар аралык

г) топтордогу баарлашуу

Баарлашуунун вербалдык эмес каражаттарына кайсылар кирет?

а) сөз, жазуу

б) мимика, кыймыл-аракет, кийим-кече

в) сөз, мимика

г) жазуу, кыймыл-аракет



Баарлашуунун инсандар аралык функциясы кайсы?

- баарлашуу аркылуу адамдын көз карашынын, дүйнө таанымынын калыптануусу жүрөт

- башкалар менен баарлашууда адам өзүн-өзү таанып-билүү, артыкчылыктарын колдоно алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот

- жеке мамилелерден баштап, олуттуу ишкердик мамилелерге чейинки баарлашуу

- адамдын өзүнүн ички сезмининен келип чыккан сүйлөө речи, баарлаша алуу маданияты өнүгөт



Баарлашуунун каражаттарын туура колдонуу – бул ...... деп аталат.

а) баарлашуунун маданияты

б) баарлашуунун түрү

в) баарлашуунун функциясы

г) баарлашуунун ирээти



Социалдык норма деген эмне?

- адамдын ишмердүүлүгүнүн жана тажрыйбасынын натыйжасында коомдо калыптанган жүрүш-туруштун жалпы эрежелери жана үлгүлөрү.

- коомдогу адамдардын жүрүш-турушун, ишмердүүлүгүн, жашоосун анык бир нормалардын негизинде жөнгө салуу.

- жүрүш-турушту туура же туура эмес, ишмердүүлүктү жакшылык же жамандык деп аныктаган баа берүү.

- анык бир кырдаалда: баарлашууда, коомдук жайларда колдонулган формалдуу жүрүш-туруштун жыйнагы.



Төмөнкү аныктамалардын кайсысы укуктук нормаларды түшүндүрөт

- жүрүш-турушту туура же туура эмес, ишмердүүлүктү жакшылык же жамандык деп аныктаган баа берүү

- анык бир кырдаалда: баарлашууда, коомдук жайларда колдонулган формалдуу жүрүш-туруштун жыйнагы

- мамлекеттик мыйзамдарда бекитилген адамдын жүрүш-турушуна коюлган талаптар

- диний нормалар – ыйык китептерде камтылган окуулар, жүрүш-туруштун эрежелери ж.б.



Мазмуну боюнча социалдык нормалар кантип болүнөт?

- каада-салттар, үрп-адаттар, моралдык жана адеп-ахлак нормалары

- эстетикалык, укуктук жана диний нормалар

- экономикалык, саясий, эмгек, экологиялык, үй-бүлөлүк

- изоляция, байланышты чектөө, реабилитация



Социалдык көзөмөл эмне үчүн керек?

- коомдогу адамдардын жүрүш-турушун, ишмердүүлүгүн, жашоосун анык бир нормалардын негизинде жөнгө салуу үчүн

- конфликттердин алдын алып, девианттын иш-аракетине бөгөт коюу максатында девианттын башка адамдар менен байланышын токтотуу

- эгер жүрүш-турушу оңолсо коомго кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо аркылуу аны социалдык чөйрөдөн обочолонтуу

- девиантты жасалма баарлашуунун түзүү менен коомго кайтып келүүсүн ишке ашыруу



Маданият деген эмне?

- адамдардын иш-аракети, алардын чыгармачылык чөйрөсү, ал эми коом бул чыгармачылык ишмердүүлүктүн негизи болуп саналат

- социалдык мамилелердин, институттардын жыйындысы, адамга социалдык таасир көрсөтүүнүн каражаттары жана ыкмалары

- коомдо калктын эң интеллектуалдык бөлүгүнө тиешелүү элиталык маданият

- калктын кеңири катмарына арналган массалык маданияттын чыгармалары, жаратуулар



Маданияттын негизги функциясы кайсы?

- социалдык

- жөнгө салуучу

- тарбиялык

- когнитивдик



Төмөндө кайсы функция тууралуу сөз болуп жатат?

“Бул функция адамдын курчап турган дүйнөнү (табигый, социалдык жана өзүнүн) таанып-билүүсүн камсыз кылууга багытталган”

- тарбиялык

- когнитивдүү

- маалыматтык

-коммуникативдүү



Медисабаттуулук деген эмне?

- калктын калың катмарына маалыматты тез жеткирүү, маалыматтын бардыгына жеткиликтүүлүгү

- прессага жана анын коомдогу таасирине берилген аныктама, бул «журналисттер коомдо зор бийликке ээ» - экендигин тастыктайт

- толук объективдүүлүгүн тактоо мүмкүн болбогон, фактылардын интерпретациясына жана аларга карата эмоционалдык мамилеге негизделген ой-пикир, көз караш же билдирүү

- медианын ар түркүн түрлөрүндө анализдөө, баалоо жана билдирүү жарата билүү жөндөмдүүлүгү



Коомдогу зор күчү бар ММК га кандай аныктама берилет?

- Төртүнчү бийлик

- Күчтүү бийлик

- Жаңы медиа

- Медиасабаттуулук



Асан эртте менен интернетти ачып, сайттардан жаңылыктарды окуп андан кийин өз жумуштарын баштайт.

Бул кырдаалда Асан ММКнын кайсы түрүн колдонду?

- басма

- визуалдык

- добуштук

- санариптик



Сүйлөмдү ула: “Айсулуу эртте менен WhatsApp группалардан “WhatsApp – социалдык тармактын түзүлгөнүнө 10 жылдыгына байланыштуу акция болуп жаткандыгын, эгер ушул маалыматты канчалык көп жиберсе ошончолук көп бирдик телефонуна которула тургандыгы” тууралуу маалыматты окуду. Оңой олжого ээ болуу максатында бардык группаларга тарката баштады. Кечинде телефондо болгон 200 бирдиги жок калыптыр. Демек, бул кат ....”

- фактыларга негизделген экен

- ой-пикир, көз карашты билдирди

- жалган маалымат экен

- туура маалымат экен

















Адам жана коом. 11-класс

1.Цивилизация деген эмне?

А)- монархиялык системага, диний дүйнө таанымга жана баалуулуктарга, натуралдык чарбага негизделген агрардык багыттагы коомдун тиби.

Б)- жогорку индустриалдык жана техникалык өнүгүүгө багытталып, өндүрүш өнөр жайга жана капиталга негизделген коомдун тиби.

в) маалыматка жана компьютердик технологияларды өндүрүүгө басым жасагана заманбап коомдун тиби.

Г)- анык бир коомдук-саясий түзүлүштө, экономика жана маданиятта, жалпы руханий баалуулуктарда жана менталитетте туруктуу өзгөчөлүктөргө ээ болгон адамзат коомчулугу.


2.Дүйнөнүн цивилизациялык көп түрдүүлүгүнүн себептеринин кайсысы туура эмес?

А)- глобалдык

Б)- саясий

В)- маданий

Г)- экономикалык


3.Заманбап дүйнөнүн ар түрдүүлүгүнүн кайсы фактору маданият чөйрөсүнө тиешелүү?

А)- географиялык жайгашуу, табигый шарттардын, расалык жана этникалык ар түрдүүлүк

Б)- социалдык, саясий түзүлүштүн жана экономикалык деңгээлдин өзгөчөлүгү

В)- демографиялык шарттардын, тарыхый тагдырлардын бири-бирине окшобогон өзгөчөлүгү

Г)- руханий жана адеп-ахлактык каада-салттардын, диндердин ар түрдүүлүгү


4.Эмне үчүн глобалдык интеграциялануу экономикага көбүрөөк колдонулат? Анткени,

А)- мамлекеттер экспорт жана импорт аркылуу экономикасын көтөрүүгө, өзүндө жок же аз ресурстарды алууга жана алмашууга кызыкдар болуп саналат

Б)- экономика аркылуу саясий башкарууга катышууга, улуттук идеологияны өзгөртүүгө болот

В)- алгач экономиканы интеграциялап, андан соң саясий жана социалдык, о.э. маданий чөйрөлөргө таасир этүү жакшы пайда берет

Г)- Азиядагы жана Африкадагы алгачкы жамааттык коомдогу жашоо образын сактап калган урууларга цивилизация алып келүү


5.Коомдун өнүгүүсүнүн кайсы тиби туура эмес?

А)- салттуу

Б)- цивилизациялык

В)- индустриялык

Г)- постиндустриялык


6.Коомдун кайсы тибинде маалыматка, билимге жана жөндөмдүүлүктөргө басым жасайт?

А)- салттуу

Б)- цивилизациялык

В)- индустриялык

Г)- постиндустриялык


7.Гендердик нормалар деген эмне?

А)- “социалдык жыныс”, т.а. аял менен эркектин коомдук ишмердүүлүктөгү социалдык жүрүш-турушун, социалдык өзгөчөлүктөрүн аныктаган түшүнүк.

Б)- гендердик системаны кармап туруу жана гендердик аң-сезимди калыптандыруу үчүн аял жана эркек “кандай болушу керек?” деген анык бир жүрүш-туруштун эрежелери.

В)- жалпы коомчулук тарабынан кабыл алынган аял менен эркектин өзүнүн гендердик өзгөчөлүгүнө гана тиешелүү болгон ролдорду аткарышы керек деген пикир, көз караш.

Г)- аял менен эркектин тең укукка жана тең мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондугу.


8.Коомдогу терс-жүрүш турушка негизделген гендердик стереотиптер кантип жөнгө салынат?

А)- мамлекеттик мыйзам жана коомдук айыптоо тарабынан

Б)- аял менен эркектин өз ара түшүнүүсү, кечирүүсү менен

В)- ата-энелердин кийлигишүүсү же эл аралык сот тарабынан

Г)- айыптоо, жазалоо жана камоо жолу менен


9.Бүгүнкү биздин коомдогу олуттуу проблема кайсы?

А)- эл аралык деңгээлдеги айлана-чөйрөнү коргоо боюнча саммитке катышпай калуу

Б)- мамлекеттеги кичи ишканаларга жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгы

В)- жарандардын шайлоого катышуу, шайлоо жана шайлануу укугун колдоно албайгандыгы

Г)- үй-бүлөдөгү чыр-чатактарда, келишпестиктерде аялдарды гана күнөөлөө


10.Эмне үчүн Эл аралык коомчулук аялдардын теңдиги үчүн күрөшөт? Анткени,

А)- коомдо калыптанган көз караштар, каада-салттар боюнча көптөгөн өлкөлөрдө аялдардын укугу чектелип, ар-намысы тебеленип келет

Б)- бардык коомдук уюмдарды активист аялдар башкарат, алар өздөрүнүн укугу үчүн жан аябай күрөшөт

В)- планетаны сактап калуу үчүн адамзаттын тукумун улоочу катары аялдарды коргош керек

Г)- аялдар катышкан, аялдарга арналган иш-чаралар ири магнаттар тарабынан жакшы каржыланат


11.Дин деген эмне?

А)- бул табияттын тышкаркы, кол жеткис күчтөргө ишенимди билдирген дүйнө таанымдын, көз караштардын системасы.

Б)- бул коомдогу адамдардын аң-сезиминин, жана ишмердүүлүгүнүн, социалдык мамилелердин жана институттардын диндин таасиринен бошонуу процесси.

В)- бул адамдардын аң-сезиминин, саясий жана коомдук институттардын, социалдык жана илимий ой-жүгүртүүнүн, күндөлүк мамилелердин диндин таасиринде калуусу.

Г)- анык бир жол башчыны тандап, аны ыйык эсептеп, ага сыйынууга багытталган адамдардын тобу.


12.Уйку, түш көрүү, өлүм, түн жана күн, жамгыр, чагылган ж.б. кубулуштарга байкоо жүргүзүү, аларга сыйынуу кайсы мезгилде пайда болгон?

А)- Алачкы жамааттык коомдо

Б)- Байыркы Чыгыш цивилизацияларында

В)- Байыркы антикалык цивилизацияларда

Г)- Орто кылымдар доорунда


13.Бир улутка гана тиешелүү дин кайсы?

А)- буддизм

Б)- христиан

В)- ислам

Г)- иудаизм


14.Кыргыз Республикасында динге ишенүү же ишенбөө эркиндиги мамлекеттин Конституциясынын кайсы беренесинде жазылган?

А)- 1

Б)- 8

В)- 9

Г)- 34


15.Төмөнкү ишмердүүлүктүн кайсынысы адамдын өзүн курчаган дүйнөнү таанып-билүүгө, социалдашууга жана жаратылыш менен тыгыз мамиледе болуусуна шарт түзөт?

А)- окуу

Б)- эмгек

В)- оюн

Г)- чыгармачылык


16.Кыргыз Республикасында белгиленген билим берүү баскычтарына ылайык сен, 11-класстын окуучусу кайсы баскычта окуп жатасың?

А)- бала бакча

Б)- башталгыч

В)- негизги

Г)- орто


17.Төмөнкү окуя кайсы билим алуу туралуу болуп жатат?

“Айгерим – мектепте бардык сабактарды жакшы окуйт, ырдаганга жана бийлегенге кызыгат. Айгеримдин ата-энеси кызынын жөндөмдүүлүктөрүн эске алып, аны музыка кружогуна жаздырышты”.

А)- негизги

Б)- кесиптик

В)- кошумча билим

Г)- өз алдынча билим алуу


18.Кайсы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы: ойлоп табуу, жаңы билимдер, баалуулуктар, искусстводогу жетишкендиктер болуп эсептелет?

А)- окуу

Б)- эмгек

В)- оюн

Г)- чыгармачылык


19.Медисабаттуулук деген эмне?

А)- калктын калың катмарына маалыматты тез жеткирүү, маалыматтын бардыгына жеткиликтүүлүгү

Б)- прессага жана анын коомдогу таасирине берилген аныктама, бул «журналисттер коомдо зор бийликке ээ» - экендигин тастыктайт

В)- толук объективдүүлүгүн тактоо мүмкүн болбогон, фактылардын интерпретациясына жана аларга карата эмоционалдык мамилеге негизделген ой-пикир, көз караш же билдирүү

Г)- медианын ар түркүн түрлөрүндө анализдөө, баалоо жана билдирүү жарата билүү жөндөмдүүлүгү


20.Коомдогу зор күчү бар ММК га кандай аныктама берилет?

А)- Төртүнчү бийлик

Б)- Күчтүү бийлик

В)- Жаңы медиа

Г)- Медиасабаттуулук


21.Асан эртте менен интернетти ачып, сайттардан жаңылыктарды окуп андан кийин өз жумуштарын баштайт.

Бул кырдаалда Асан ММКнын кайсы түрүн колдонду?

А)- басма

Б)- визуалдык

В)- добуштук

Г)- санариптик


22.Сүйлөмдү ула: “Айсулуу эртте менен WhatsApp группалардан “WhatsApp – социалдык тармактын түзүлгөнүнө 10 жылдыгына байланыштуу акция болуп жаткандыгын, эгер ушул маалыматты канчалык көп жиберсе ошончолук көп бирик телефонуна которула тургандыгы” тууралуу маалыматты окуду. Оңой олжого ээ болуу максатында бардык группаларга тарката баштады. Кечинде телефондо болгон 200 бирдиги жок калыптыр. Демек, бул кат ....”

А)- фактыларга негизделген экен

Б)- ой-пикир, көз карашты билдирди

В)- жалган маалымат экен

Г)- туура маалымат экен





27




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!